Түрк ашканасы жумалыгы башталды
«Түрк ашканасы жумалыгы» 27-майда аяктайт.



«Түрк ашканасы жумалыгына» карата иш-чаралар Стамбул аэропортунда башталды.
Президенттиктин карамагында быйыл экинчи жолу уюштурулган иш-чаралар үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Чыгармачыл шаарлар тармагынын гастрономиялык шаарларынан Хатайдын ашканасы тандалып алынды.
Ушундайча миңдеген жылдар бою сансыз цивилизацияларга мекен болгон байыркы шаар Хатайдын тамактарынын дүйнөгө таанытылышы максат кылынууда.
Түрк ашканасы жумалыгынын алкагында көптөгөн санариптик долбоорлор да ишке ашырылат, сапаттуу, ысырапсыз жана туруктуу түрк ашканасы темасына ылайык рецепттер даярдалат, түрк ашпозчулары менен онлайн түрк ашканасы семинарлары уюштурулат, рецепт видеолору тартылып санариптик каналдарда бөлүшүлөт, ошондой эле түрк ашканасын тааныткан иш-чаралар жана семинарлар болот.
Бул жылы Хатайдын менюсунда калемпирдүү нан, зайтун салаты, хумус, кысыр, кебаб жана кунефе бар болсо, иш-чараларда түрк кофеси, түрк чайы жана түрк локумдары тартууланууда.
«Түрк ашканасы жумалыгы» 27-майда аяктайт.