НАТОнун баш кеңсесинде «Түрк ашканасы жумалыгы» иш-чарасы...
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен жыл сайын май айында өткөрүлүүчү «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында НАТОдогу иш-чараны Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Левент Гүмрүкчү алып барды.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде Хатайдан келген түрк ашканасы жана даамдары таанытылган иш-чара өткөрүлдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен жыл сайын май айында өткөрүлүүчү «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында НАТОдогу иш-чараны Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Левент Гүмрүкчү алып барды.
Иш-чарага НАТОго мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, туруктуу өкүлчүлүктөрдө кызмат өтөгөн дипломаттар жана аскерлер, НАТОнун жарандык жана аскер кызматкерлери катышты.
Гүмрүкчү Хатайдын кылымдарды карыткан маданиятынын, тарыхынын жана кулк-мүнөзүнүн рухунун ар дайым бар болорун айтып: «Чындыгында, бүгүн ал бүткүл НАТОну, ондогон туруктуу өкүлдөрдү жана биздин өнөктөштөрүбүздү ошол эбегейсиз даамдуу тамактардын айланасына чогултту»,-деди.
«Түрк ашканасы жумалыгы» иш-чарасында тартууланган фирик палоо, калемпир нан, лоток кебаб, күнефе, көмөч сыяктуу хатайлык даамдар коноктор тарабынан жогору бааланды.