Анкарада кыргызстандык студенттердин шаарлар аралык турнири өттү

Түркиянын Кайсери, Конья, Карабүк сыяктуу шаарларынан келген студенттер жана Анкаранын өзүндөгү кыргызстандыктардан жана Элчиликтен турган 7 команда күч сынашты.

1988504
Анкарада кыргызстандык студенттердин шаарлар аралык турнири өттү
Kırgız öğrenciler 19 Mayıs futbol 17.jpg
Kırgız öğrenciler 19 Mayıs futbol 10.jpg

Анкарада кыргызстандык студенттердин шаарлар аралык футбол турнири болуп өттү. Турнирди борбор шаар Анкарада орун алган Кыргыз эл коому, Кыргызстандык Анкара студенттер биримдиги (КАСУ), Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Түркия Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) биргелешип уюштурду.

Иш-чара Түркия Республикасынын 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамында болгондуктан Түркияда окуган кыргыз жаштарынын спортко болгон шыктануусун арттыруу жана бири-бири менен таанышып өз ара байланыштарын, достуктарын чыңдоого арналды.

Түркиянын Кайсери, Конья, Карабүк сыяктуу шаарларынан келген студенттер жана Анкаранын өзүндөгү кыргызстандыктардан жана Элчиликтен турган 7 команда күч сынашты.

Оюндар катуу таймаш менен өтүп, биринчиликти Кайсери шаарынын командасы алды. Экинчиликти Анкарадагы Дарыгерлер командасы алса, үчүнчүлүктү Аскердик академияда окуган курсанттардын командасы ээледи.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз эл коомунун төрагасы Тимур Такабаев,  Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) Кыргызстан боюнча координатору Али Курт, Кыргызстандык Анкара студенттер биримдигинин президенти Үмүт Акылбек кызы баштаган студенттер тобу футболдук турнирге катышып жеңишке жетишкен командаларга медалдарын, ал эми жалпы катышуучуларга сертификаттарын жана рюкзак сыяктуу белектерин тапшырышты.

Элчи Руслан Казакбаев иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата жана Түркиянын жаштарга арналган расмий майрамы 19-майда өтүп жатканы өзгөчө маанилүү экенин белгилеп: «30 жыл бир өмүр үчүн узун убакыт болсо, бир мамлекет үчүн убакыттын кыска бир тилими. Бардыгыңыздарды Конституциянын негизделишинин 30 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздер бактылуу жаштарсыздар. Анткени боордош Түркия мамлекетинде окуп, бул өлкөнүн жаштар жана спорт майрамында футбол турнирин өткөрүп жатасыздар. Мен элчи катары спорттук иш-чарага биринчи жолу катышып жатам. Ушул сыяктуу иш-чаралар мындан кийин дагы улана берсин. Биз ар дайым колдоого даярбыз»,-деп айтып студенттерге ийгилик каалады.

YTBнын өкүлү Али Курт мырза кыргызстандык студенттерди ушул сыяктуу иш-чараларды көп-көп уюштурууга үндөп, бир гана окуу менен чектелбестен маданий жактан да өнүгүү зарыл экендигин белгилеп кетти.

Ал эми иш-чаранын башкы демөөрчүсү Кыргыз эл коомунун төрагасы Тимур Такабаев жеңген командаларды куттуктап, иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдирип, катышуучуларга окууларында жана жеке турмушунда ийгилик каалады. Ошондой эле турнирдин байрагын Кайсериге алып кетип жаткан студенттерди кийинки турнирди мындан жогорку деңгээлде өткөрүүгө үндөдү.

Ал эми Кыргызстандык Анкара студенттер биримдиги иш-чараны колдоп берген Элчиликке, Кыргыз эл коомуна жана YTBга өздөрүнүн чакан белегин тапшырды.

Иш-чаранын соңунда жалпы катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү жана кечки тамактануудан соң кийинки иш-чарада жолугушуу тилектерин айтып тарап кетишти.

 



Тектеш кабарлар