Эрологлу Нью-Йорктогу көргөзмөдө Түркияны өкүлдүк кылат
2001-жылы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган «Маданий сувенирлердин дизайн сынагында» «Кибеле айкели» менен экинчи орунду алган Эрологлу «Мимар Синан» Көркөм өнөр университетинде атайын билим алган.

АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) колдоосу менен өтө турган искусство иш-чарасында Түркияны Чорумдун скульптору Бекир Эрологлу өкүлдүк кылат.
2001-жылы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган «Маданий сувенирлердин дизайн сынагында» «Кибеле айкели» менен экинчи орунду алган Эрологлу «Мимар Синан» Көркөм өнөр университетинде атайын билим алган.
Стамбул жана Измирдеги галереяларында өнөрүн уланткан Эрологлу 25-31-майда Нью-Йоркто Грециядагы Зервас искусство галереясы тарабынан өткөрүлө турган «Нью-Йорк искусство симпозиумунда» ЮНЕСКОнун коногу катары Түркияны өкүлдүк кылат.
Стамбул, Анкара жана Германияда жеке көргөзмөлөрүн ачканын белгилеген Эрологлу: «Ушул убакка чейин 800дөй скульптура жасадым, алардын ар бири дүйнөнүн бир бурчунда. Айкелдеримди туристтерге, искусство сүйүүчүлөргө жана коллекционерлерге сатам. Германия, Америка, Япония, Италия, Австрия жана Францияда айкелдерим бар»,-деди.
Кээ бир эмгектерин сатууга колу барбаганын, эки бүркүттүн өз ара күрөшүн символдоштурган «Табигаттын күрөшү» деп атаган скульптурасынын да булардан бири экенин белгилеген Эрологлу: «Нью-Йоркто өтө турган Искусство симпозиумга ушул скульптура менен катышам»,-деп айтты.