Ирактагы Түрк шейиттери көрүстөнүндө эскерүү аземи өткөрүлдү

Түркиянын Багдаддагы элчиси Али Рыза Гүнейдин катышуусунда өткөрүлгөн аземде шейиттер үчүн куран окулуп, дуа кылынды.

1981097
Ирактагы Түрк шейиттери көрүстөнүндө  эскерүү аземи өткөрүлдү

Ирактын Васыт (Кут) провинциясындагы Түрк шейиттери көрүстөнүндө Кутүл Амаре жеңишинин 107 жылдыгынан улам эскерүү аземи өткөрүлдү.

Түркиянын Багдаддагы элчиси Али Рыза Гүнейдин катышуусунда өткөрүлгөн аземде шейиттер үчүн куран окулуп, дуа кылынды.

Элчи Гүней өз билдирүүсүндө, Кутүл Амаре жеңишинин дастандай жеңиш экенине токтолуп: «Бул жеңиш Чанаккале жеңишинен кийин биздин армиялардын алгач Англиянын чабуулдарынын мизин майтарып, андан соң курчоого алып, зыянсыздандыруу жана колго түшүрүү (Британ аскерлери) болгон жаркын жеңиш»,-деди.

Гүней бул жерде көптөгөн шейиттер болгонун, бул шейиттикте 7 офицер менен 43 катардагы жоокердин символикалык мүрзө таштары бар экенин айтты.

Гүней, элчилик катары 10 миң түрк шейиттерин эскерүү үчүн такта даярдашкандарын жана аны Кут түрк шейиттери көрүстөнүнө орното тургандарын айтты.

Бул жерде жана тарыхта болгондой Ирак жана түрк элдеринин каны кошулган, кан боордоштук пайда болгон жеңиштердин болгонун белгилеген Гүней эки өлкөнүн карым-катнаштарынын ушул орток негизде улана турганын белгиледи.

6-февралдагы жер титирөөдө Ирактын Түркияга узаткан жардам колун унутпагандарын баса белгилеген Гүней, эки өлкөнүн тең бири-бирин колдогон процесске киргенин, мунун өнүгүү кадамдары жана көптөгөн долбоорлор менен алдыга жыла турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар