TCG Анадолу кемесин 5 күндө 61 миң 231 киши кыдырды

Майрамдын экинчи күнүндө таң эртеден баштап Сарайбурну портуна баргандар Эминөнү менен Ахыркапы ортосундагы жолдун тротуарында узун кезектерди түзүштү.

1978156
TCG Анадолу кемесин 5 күндө 61 миң 231 киши кыдырды

Түркиянын эң чоң аскердик кемеси TCG Анадолуну көрүүнү каалаган жарандар майрамдын экинчи күнү кеме казык түшүргөн Стамбулдун Сарайбурну портуна агылды.

Майрамдын экинчи күнүндө таң эртеден баштап Сарайбурну портуна баргандар Эминөнү менен Ахыркапы ортосундагы жолдун тротуарында узун кезектерди түзүштү.

Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараты (КУУA) орун алган кеме токтогон Сарайбурну портуна баргандар катоодон өткөндөн кийин топторго бөлүнүп, аскер офицерлеринин жетекчилигинде кемени кыдырышты.

Келгендер 1-кабаттагы танктарга, чабуул жана кургактыкка түшүүчү унааларга кызыгуу көрсөтсө, 5- кабаттын үстүндөгү палубада жайгашкан учактар ​​кызыгуу менен көрүлдү.

Майрамдын биринчи күнүндө кемедеги турларга 16 миң 127 киши катышса, калкка ачылган 17-апрелден 21-апрелге чейин кемени 61 миң 231 киши кыдырып көрдү.



Тектеш кабарлар