23-Апрель дүйнө жүзүндө белгиленди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Левкошадагы «Ататүрк» эстелигинин алдында 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы аземи өткөрүлдү.

1978326
23-Апрель дүйнө жүзүндө белгиленди
kktc 23 nisan.jpg

23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө карата Түркияда да чет өлкөлөрдө да иш-чаралар өткөрүлдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Левкошадагы «Ататүрк» эстелигинин алдында 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы аземи өткөрүлдү.

Мамлекеттик аземге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, парламент спикери Зорлу Төре, премьер-министр Үнал Үстел менен Түркиянын Левкошадагы элчиси Метин Фейзиоглу катышты.

Татар өз сөзүндө: «Мамлекетке, бизге, Ата мекенибиз Түркияга ишенгиле. Келечек балдарыбыз жана жаштарыбызда»,-деди.

Ирактын Эрбил шаарындагы түрк мектептеринин окуучулары 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам Түркиянын башкы консулдугуна барышты. Башкы консул Мемет Мевлүт Якут кеңсесин окуучуларга калтырды.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Түркия элчилиги 23-апрель майрамын өткөрдү. Иш-чаранын алкагында балдар сахнага чыгышты.

Түркмөнстанда 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамына арналган иш-чаранын дареги борбор шаар Ашхабад болду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ашхабаддагы элчи Тоган Орал, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн улуттун эркин кучагына алган күн майрамдалганын эске салды.

Австриянын борбор шаары Венада 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар  күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага катышкан балдар колдорунда Түркия жана Австрия желектери менен ыр ырдашты.

23-апрель 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы Түркиядан бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Колумбиянын борбор шаары Боготада да белгиленди.

Түркиянын «Маариф» фондунун иш-чарасына окуучулар чоң кызыгуу көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар