ТРТнын 23-апрель Эл аралык балдар фестивалы...

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, 23-апрель жекшемби күнү Стамбул Башакшехир улуттук бакчасында «Дүйнө балдары Түркия үчүн бир жүрөк» урааны менен өткөрүлө турган программага президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө.

1977647
ТРТнын 23-апрель Эл аралык балдар фестивалы...

23-апрелде 45-ирет өткөрүлө турган ТРТнын Эл аралык балдар фестивалында 24 өлкөдөн жүздөгөн балдар теңтуштары менен жолугушат.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, 23-апрель жекшемби күнү Стамбул Башакшехир улуттук бакчасында «Дүйнө балдары Түркия үчүн бир жүрөк» урааны менен өткөрүлө турган программага президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө.

23-апрель майрамына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жүздөгөн балдар катышып теңтуштарына колдоо көрсөтүшөт.

Иш-чаранын алкагында конок өлкөнүн балдары алгач ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы менен борбор шаар Анкарадагы Аныткабирге зыярат кылышат, андан соң ТРТнын башкы директорлугуна барышат.

23-апрелде боло турган гала иш-чарада ТРТ Баланын экрандарынан көрүлгөн мультфильм каармандарынын талисмандарынын көрсөтүүлөрү жана сахналык көрсөтүүлөрү орун алат.

Дүйнөлүк балдар жана Түркияны өкүлдүк кылган ТРТнын элдик бий тобу да бий көрсөтүүлөрүн тартуулашат.



Тектеш кабарлар