Рамазан айы эртең башталат

Дин иштери башкармалыгы, быйылкы Рамазан айынын темасын «Рамазан жана тилектештик» деп белгиледи.

1963311
Рамазан айы эртең башталат
ayasofya.jpg

"Он бир айдын султаны" Рамазан эртең башталат.

Мусулмандар үчүн маанилүү үч айдын бири болгон "он бир айдын султаны" Рамазандын алгачкы таравих намазы бүгүн кечинде өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде окулат. Рамазандын биринчи орозосу үчүн түнкүсүн ооз бекитилип, эртең биринчи ифтар болот.

Быйыл Рамазан 29 күнгө созулат.

Дин иштери башкармалыгы, быйылкы Рамазан айынын темасын «Рамазан жана тилектештик» деп белгиледи.

Чыдамсыздык менен күтүлгөн берекелүү айга мечиттер да даяр.

Стамбулдун руханий борборлору Аясофия жана Эйүп Султан мечиттери да роза суусу менен жуулуп, Рамазан айына даярдалды.



Тектеш кабарлар