Брюсселде "Кылымдын апааты" көргөзмөсү уюштурулду
Эл аралык донорлор конференциясынан кийин өткөн иш - чарага көп сандаган Европа Биримдиги жетекчиси, дипломаттар жана жарандык коом уюмдардын өкүлдөрү катышты.
1963719

6 - февралда болгон Кахраманмараш жер титирөөлөрү жол ачкан апаат тууралуу коомчулукка маалымат берүү максатында Бельгияда Брюссель басма сөз клубунда көргөзмө ачылды.
Саясат жана стратегия кеңешчиси Ипек Текдемирдин кураторлугундагы «Кылымдын апааты : жер титирөө линиясынан фотографиялар» атуу көргөзмөдө жер титирөө аймагынан тартылган фотографиялар орун алды.
Түркия менен Сирияда жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн уюштурулган Эл аралык донорлор конференциясынан кийин өткөн иш - чарага көп сандаган Европа Биримдиги жетекчиси, дипломаттар жана жарандык коом уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Көргөзмөнүн ачылышында Азербайжан мамлекеттик өнөрпозу Туран Манафзаде Түркия жана Азербайжан чыгармаларынан турган чакан концерт койду.