Хырка-и Шериф жума күнү зыяратчыларга ачылат
Рамазан айында иш күндөрү саат 10.00-18.00, дем алыш күндөрү 09.00-18.00 чейин зыярат кылууга болот.



Мухаммед пайгамбар Вейсел Караниге белек катары калтырган Хырка-и Шериф 24-март жума күнү зыяратчыларга ачылат.
Хырка-и Шериф Вейсел Караниге Пайгамбардын керээзи боюнча өлүмүнөн кийин Азирети Али жана Азирети Өмер тарабынан тапшырылган.
Вейсел Карани 657-жылы Сыффин согушунда Азирети Али менен бирге шейит болгон.
Хырка-и Шериф үй-бүлө теги менен 59 муундан бери сакталып келе жатат.
Хырка-и Шериф Стамбулдун Фатих районундагы Хырка-и Шериф мечитинде 1851-жылдан бери сакталууда.
Мухаммед пайгамбардын аманаты Хырка-и Шериф азыр Вейсел Каранинин 58чи жана 59-муундагы урпактары тарабынан өтө кылдаттык жана көңүл буруу менен корголууда.
Жума күнү саат 10:00дө окула турган намаздан кийин Хырка-и Шериф зыяратчыларга ачылат. Рамазан айында иш күндөрү саат 10.00-18.00, дем алыш күндөрү 09.00-18.00 чейин зыярат кылууга болот.