Босния-Герцеговинада түз эфирде кайрымдуулук акциясы

Түз эфирге саясат, иш, искусство жана спорт дүйнөсүнөн көптөгөн ысымдар катышты.

1961241
Босния-Герцеговинада түз эфирде кайрымдуулук акциясы

Босния-Герцеговинанын радио жана телекөрсөтүүсү (BHRT) тарабынан Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн түз эфирде кайрымдуулук акциясы уюштурулду.

BHRT жана Босния-Герцеговинадагы жардам уюму Pomozi.baнын кызматташтыгында өткөрүлгөн түз эфирге саясат, иш, искусство жана спорт дүйнөсүнөн көптөгөн ысымдар катышып, жардам телефондоруна жооп беришти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн уюштурулган кайрымдуулук акциясынын алкагында 80 миңден ашуун адам телефон аркылуу байланышып, 150 миң евродон ашык жардам чогултулду.

Программага катышкан Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин босниялык мүчөсү Денис Бечирович 2014-жылдагы сел апаатында Түркиянын биринчилерден болуп жардам бергенин эске салды.

Кеңештин Хорват мүчөсү Зелько Комсич да өткөн күндөрдө Босния-Герцеговинадан Түркияга көп сандаган жардам жөнөтүлгөнүн белгилеп: «Босния-Герцеговина жараны катары бүгүн кечинде өткөрүлгөн программага сыймыктанам»,- деди.

Программага тышкы иштер министри Элмедин Конакович, белгилүү театр жана кино актёрлору, босниялык, хорватиялык жана серб дин аалымдары, блогерлер, медиа өкүлдөрү жана көптөгөн фирма өкүлдөрү да катышса, түз эфир Босния-Герцеговинанын ар тарабынан чоң кызыгуу жаратты.

Түз эфирде Трабзонспордо ойногон босниялык футболчу Эдин Виска жана Фенербахченин мурдагы футболчусу Элвир Болич сыяктуу ысымдар да болду.



Тектеш кабарлар