Жаз музыканты Бобби Колдуэлл 71 жашында каза болду
Акыркы алты жылдан бери жубайынын ден соолугу менен күрөшкөндүгүн айткан Мэри Колдуэлл бул процессте дуба кылган күйөрмандарына көңүл айтты.
"What You Won't Do For Love" аттуу ыры менен белгилүү америкалык жаз, соул жана R&B ырчысы Бобби Колдуэлл 71 жашында каза болду.
Жубайы Мэри Колдуэлл сырчынын социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө : "Бобби үйүндө каза болду. Ал бизден айрылып жатканда бекем кучактадым. Түбөлүккө кайгылуумун",- деди.
Акыркы алты жылдан бери жубайынын ден соолугу менен күрөшкөндүгүн айткан Мэри Колдуэлл бул процессте дуба кылган күйөрмандарына да көңүл айтты.
Музыкалык карьерасын 17 жашында "Катманду" тобунун мүчөсү катары баштаган Колдуэлл 1970-жылдары рок легендасы Литтл Ричарддын ритм гитаристи болуу менен таныла баштаган.
Колдуэллдин 1978-жылы чыккан жана дээрлик аты менен дал келген "What You Won't Do For Love" ыры Billboard журналынын "Эң көп угулган 100 ыр" тизмесине 9-орунда кирген.
Колдуэлл карьерасы боюнча 19 альбом чыгарып, концерттерди коюп, көп сандаган киного музыка чыгарган.