Ливияда болгон азык - түлүк жарманкесине Түркиядан 40тан ашуун фирма катышты
Түркиянын Триполи элчиси Кенан Йылмаз катышкан түрк фирмаларынын быйыл 44кө жеткенин айтты.
Ливиянын борбор шаары Триполиде төртүнчү жолу уюштурулган «Ливия азык-түлүк жарманкесине» Түркиядан 40тан ашуун фирма катышууда.
Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе жекшемби күнү ачкан жарманкеде 200гө жакын жергиликтүү жана чет элдик фирма иш алып барууда.
Түркиянын Триполи элчиси Кенан Йылмаз катышкан түрк фирмаларынын быйыл 44кө жеткенин айтып : «Эки өлкөнүн ортосундагы соода карым - катнаштарынын өнүктүрүлүшү үчүн бул жарманкеге катышууга чоң маани беребиз. Алдыбыздагы жылдарда жарманкелерге дагы көп катышууну, бардык тармакта болгондой эле карым - катнаштардын соода тармгында да өнүгүшүн каалайбыз»,- деди.
Бүгүн аяктай турган жарманкеге Түркиядан эң көп катышуучунун келгендиги, экинчи орунду египеттик фирмалардын алганы белгиленди.
Жарманкеге Марокко, Тунис, Алжир, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Иордания сыяктуу араб өлкөлөрүнөн тышкары Италия жана Испаниядан да фирмалар катышууда.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.