"Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат
2000 - жылы режиссёр Ридли Скотт тарткан жана австралиялык актёр Рассел Кроу ойногон "Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат.
1941951

2000 - жылы режиссёр Ридли Скотт тарткан жана австралиялык актёр Рассел Кроу ойногон "Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат.
Paramount Pictures продюсердик компаниясынын билдирүүсүндө тасманын 2024 - жылдын 22 - ноябрында чыгышы пландалганы айтылды.
«Афтерсун» тасмасындагы ролу менен «Оскар» сыйлыгына талапкер болгон актёр Пол Мескалдын башкы ролду алуусу үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканы белгиленди.
Сценарийи өткөн жылы бүтүп, бирок аты - жөнү тактала элек тасмада Кроу ролун аткарган «Генерал Максимустун» өлүмүнөн кийин эмне болгону баяндалат. Экинчи тасмада Рим императорунун уулу Коммуддун жээни Люсианын жашоосу баяндалат.