Мардиндеги чиркөөлөргө роза гүлдөр таркатылды

Борбордук Артуклу районунун жаштары колдорунда роза гүлдөрү менен чиркөөлөрдү кыдырышты.

1936238
Мардиндеги чиркөөлөргө роза гүлдөр таркатылды

Мардинде бир топ жаштар Швецияда Курандын өрттөлүшүнө каршы чыгып, чиркөөлөргө роза гүлдөрүн таркатышты.

Борбордук Артуклу районунун жаштары колдорунда роза гүлдөрү менен чиркөөлөрдү кыдырышты.

Бул жердеги жооптуу кызматкерлерге роза гүлүн берген жаштар Түркиянын Швециядагы Стокгольм элчилигинин алдында Курани Каримдин өрттөлүшүн айыпташты.

Жаштардын бири Ибрахим Халил Йетим Швециядагы окуяга карата мусулман жаштары катары «Кандай жооп кайтарабыз?»-деп ойлогондорун жана ушинтип Мухаммед пайгамбардын сунушун аткарып, чиркөөлөрдү кыдырып, Исламга ылайыктуу түрдө каршы чыгууларын билдиришкенин айтты.

«Ислам ушундай дин, ал тургай сени өлтүрүүгө келгендер да сени менен бирге тирилишет», - деп айткан Йетим, муну иш жүзүндө көрсөткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар