Варанк Түркиянын 10 өнүмү үчүн ЕБне каттоо арызы берилгенин айтты

Министрликтин билдирүүсүндө, TÜRKPATENT Европа Комиссиясына каттоо үчүн кайрылган өнүмдөр тууралуу маалымат берилди.

1932883
Варанк Түркиянын 10 өнүмү үчүн ЕБне каттоо арызы берилгенин айтты

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түрк патент жана соода маркасы мекемеси (TÜRKPATENT) Түркиянын дагы 10 даамын Европа комиссиясына каттоо арызын бергенин айтты.

Министрликтин билдирүүсүндө, TÜRKPATENT Европа Комиссиясына каттоо үчүн кайрылган өнүмдөр тууралуу маалымат берилди.

Процесстердин бүтүшү менен Түркиянын ар кайсы аймактарында белгилүү жана жактырылган дагы 10 даам эл аралык каттоодон өтөрүн баса белгилеген билдирүүдө: «Бул азыктар - Аяш помидору, Бингөл балы, Бурса шабдалысы, Эзине сыры, Хүйүк кулпунайы, Ыспарта роза майы, Килис зайтун майы, Маниса месир пастасы, Ризе чайы жана Урла сагыз артишоку. Түркиянын бул даамдарынын баары эффективдүү эл аралык коргоо астында болот»,деген  баалоо жүргүзүлдү.

Билдирүүдө көз караштары орун алган министр Варанк, эл аралык географиялык көрсөткүч мобилизациясын баштагандарына көңүл буруп: «ЕБде географиялык көрсөткүчтөрдүн санын 100гө чыгарабыз»,-деди.

Түркияда катталган географиялык көрсөткүчтөрдүн саны 1300дөн ашканын баса белгилеген Варанк, бул өнүмдөрдүн эл аралык деңгээлде катталышына жана таанытылышына көңүл буруу керектигин белгиледи.

Варанк Европа Биримдигинде Түркиянын атына катталган 8 өнүм бар экенин, процесстери уланып жаткан Антакья күнефеси менен бул сандын 9га чыга турганын айтты.

TÜRKPATENT 2022-жылдын акыркы айларында даярдыктары аяктаган 10 географиялык көрсөткүч өнүмдөрү үчүн 5-январда Европа Комиссиясына массалык географиялык көрсөткүч арызын берди. Бул 10 арыз менен ЕБде процесстери уланып жаткан арыздардын саны 42ге жетти.

Антеп пахлавасы, Айдын анжири, Айдын каштаны, Байрамич бейвзы, Гиресун толмоч фындыгы, Малатия өрүгү, Милас зайтун майы жана Ташкөпрү сарымсактары Евробиримдикте мурда катталган.



Тектеш кабарлар