Түрк тилинде ырдаган япониялык дипломат

Иваса дипломатиялык милдетинен тышкары Анкарада баглама курстарына катышып, саншин концерттерин да берет.

1925830
Түрк тилинде ырдаган япониялык дипломат

Япониянын Анкарадагы элчилигинде иштеген дипломат Иваса Такааки, атактуу акын Ашык Вейселдин элдик ырларын баглама аспабы менен чертип түрк тилинде ырдайт.

2021-жылдын март айында Анкарага дипломат болуп дайындалган Иваса, Түрк-Япон илим жана технология университетинин негизделишине да салым кошкон.

Окинава аралынын салттуу музыкалык аспабы "саншин" черткен Иваса, Түркияга келгенден кийин радиодон угуп суктанган багламаны үйрөнүүнү чечкен.

Иваса дипломатиялык милдетинен тышкары Анкарада баглама курстарына катышып, саншин концерттерин да берет.

Түркиянын көптөгөн шаарларына барган Иваса, түрк элдик музыкасынын эң маанилүү ысымдарынан Ашык Вейсел менен Нешет Эрташтын күйөрманы.

Иваса, Ашык Вейселдин кээ бир элдик ырларын чертип түрк тилинде да ырдайт.

Ашык Вейсел менен Нешет Эрташка болгон суктануусунун радиодон уккан элдик ырлар менен башталганын белгилеген Иваса: «Түркияга жаңы келгенде Кападокиядагы түрк досумдун үйүндө радиодон керемет ырларды уккам. Бул ырларды ким ырдаганын досумдан сурадым. Ал бул ырларды Ашык Вейсел менен Нешет Эрташ ырдаганын айтты»,- деди.

Түрктөр менен япондордун ортосундагы окшоштуктарга токтолгон Иваса: «Түрктөр менен япондор өздөрүнүн маданиятына кам көрүшөт. Түрктөр да, япондор да меймандос коом, алар чет элдик конокторду абдан жакшы көрүшөт. Түрктөр менен биринчи жолу таанышканда чай тартуулашат. Япондор да жылуу мамилесин көрсөткүсү келет бирок бир аз уялчаак»,-деди.

Түрк тилинде сүйлөгөн Иваса Түркияда көптөгөн даамдуу тамактардын ​​бар экенин, Самсунда ичкен балык шорпосу менен Маниса кебабынын даамын абдан жактырганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар