ТРТнын колдоосу менен тартылган «Пота» тасмасы сыйлык алды

116 тасма ат салышкан фестивалдын толук метраждуу категориясында «Эң мыкты тасма» сыйлыгын алды.

1918201
ТРТнын колдоосу менен тартылган «Пота» тасмасы сыйлык алды

Сценарист жана режиссёр Ахмет Токлунун Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) менен биргелешип тарткан «Пота» (щит) кинотамасы Венесуэлада 8-чи жолу өткөрүлгөн «Festival de Cine Infantil de Ciudad Guayana» фестивалында сыйлык алды.

Билдирүүгө караганда бул фильм, 36 өлкөдөн 11 номинацияда 116 тасма ат салышкан фестивалдын толук метраждуу категориясында «Эң мыкты тасма» сыйлыгын алды.

Италияда «51-Гиффони кинофестивалында» дүйнөлүк бет ачары болгон тасма ушул убакка чейин катышкан жергиликтүү жана эл аралык фестивалдарда да көптөгөн сыйлыктарга ээ болду.

Маданият жана туризм министрлиги колдогон тасма өткөн айда да Беларуста «28-Минск эл аралык кинофестивалынан» «Калыстар тобунун атайын сыйлыгына» татыктуу болгон.

Жашаган айылына баскетбол щиттерин орноткон жакыр балдардын оюнун чагылдырган тасмада жаш актер Алп Акар менен бирге Бахар Хажыбекташоглу, Сибел Мелек Арат, Эгемен Алмажы, Мерт Эрдогду, Мехмет Халил Челик, Самет Севтекин, Мирач Челен, Өзгүр Дерели жана Бурхан Йылдыз роль алууда.



Тектеш кабарлар