ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forumда сөз сүйлөдү

Собажы Түркиянын көптөгөн глобалдык кризистин чечилишинде чечүүчү роль ойноп, тараптарды жакындаштырганын жана диалог үчүн коопсуз порт түзгөнүн билдирди.

1916982
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forumда сөз сүйлөдү

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы, глобалдык байланыш системасында туура менен калптын, чындык менен иллюзиянын чырмалышканын айтты.

Быйыл 6-ирет өтүп жаткан TRT World Forum 2022нин ачылышында Собажы, жакшы келечек үчүн учурдагы абалды бардык ачыктыгы менен ортого салуунун жана белгисиздикти мүмкүнчүлүккө айландыруунун потенциалын баалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Собажы пикирлерге, көз караштарга жана дүйнөдөгү ар түрдүү үндөргө кулак салган Түркиянын көптөгөн глобалдык кризистин чечилишинде чечүүчү роль ойноп, тараптарды жакындаштырганын жана диалог үчүн коопсуз порт түзгөнүн билдирди.

Ошондой эле дан кризисинде коридор ачкан, туткун алмашууда кепил болгон, Ковид-19 панидемиясында 150дөн ашуун өлкөгө жардам берген жана 8 миллиард адамдын ар бири үчүн күрөшкөн Түркиянын, дагы адилеттүү дүйнө мүмкүн экенин сөздө жана иш жүзүндө көрсөткөнүн айтты.

Глобалдык маселелердин чечилишинде медианын чоң ролу бар экенин баса белгилеген Собажы: «Бүгүнкү күндө биз дүйнөлүк байланыш системасында туура менен жалгандын, чындык менен иллюзиянын чырмалышканын көрүп турабыз. Кээде атайылап, кээде билбестен улантылган бул башаламандыкка каршы туруу үчүн бир гана жол бар, дүйнөгө фильтрлер менен эмес адилеттүү көрүнүш-издегич аркылуу карай алуу. Башкача айтканда күчтүү-алсызды бөлбөй, калыстык принцибинин негизинде журналистиканы жана уктурууларды жүргүзө билүү»,-деди.

ТРТнын башкы директору, медиа тармагында дагы адилеттүү дүйнө күрөшүнө колдон келишинче салым кошуу үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар