Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү

5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнү белгиленди.

1915180
Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү
abd new york turk kahvesi gunu.jpg
turk kahvesi.jpg
gurcistan ankara elci george janjgava.jpg
turk kahvesi gunu.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Таймс аянтында 5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата программа өткөрүлдү.

Nasdaq Tower имаратынын алдында өткөрүлгөн иш-чара, Түрк Америка коомдору федерациясы жана Turkish Coffee Lady фонду тарабынан уюштурулду.

Программага түрк-америка коомчулугунан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандары да катышты. Программада жандуу музыка жана бий өнөрлөрү көрсөтүлүп, Таймс аянтынын жанындагы эки башка санариптик экранда түрк кофесинин өзгөчөлүктөрүн, маданиятын жана тарыхын түшүндүргөн видеолор жарыяланды.

Ал эми Юнус Эмре институту (YEE) Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнүн алкагында уюштурулган иш-чарада аргентиналыктарга түрк кофесин таанытты жана түрк кофесин жасоо мүмкүнчүлүгүн тартуулады.

Буэнос-Айрестеги Юнус Эмре институтунда 5-декабрь «Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнүн» алкагында өткөрүлгөн иш-чарада түрк кофеси таанытылып, кантип жасалаары үйрөтүлдү.

Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата Испаниянын борбору Мадрид жана Барселонада да иш-чаралар өткөрүлдү.

Мадриддеги Intercontinental мейманканасында Түркиянын Мадрид элчилигинин жана Мадрид Юнус Эмре институтунун (YEE) уюштуруусу менен өткөрүлгөн иш-чарада түрк кофесинин өзгөчөлүктөрү, маданияты жана тарыхы тааныштырылды. Испаниялык жана түркиялык коноктор менен кээ бир чет элдик дипломаттар катышкан иш-чарада даярдалган түрк кофелери локум менен бирге тартууланды.

Грузиянын Анкарадагы элчиси Георгий Жангава да басма сөзгө билдирүү жасап, түрк кофесин абдан жакшы көргөнүн айтты.

Ал эми Италиянын Анкарадагы элчиси Жоржио Марраподи, 5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун тарабынан элчилерге жөнөтүлгөн кофе чынысы менен түрк кофесин ууртап жатканда тартылган фотосүрөтүн бөлүштү.

Орусиянын борбор шаары Москвада да «5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө» карата иш-чара өткөрүлдү.

Түркиянын Москвадагы элчилигинде Москва Юнус Эмре институту (YEE) уюштурган программада түрк кофесинин уникалдуу бышыруу ыкмасы жана тартууланышы көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар