5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк түрк кофе күнү...
Түрк кофеси конок тосуу, диний майрамдар, баарлашуу жана кыз суроо сыяктуу жөрөлгөлөр менен өзүнчө бир маданиятты түзүп турат.




5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк түрк кофе күнү...
Түрк кофеси конок тосуу, диний майрамдар, баарлашуу жана кыз суроо сыяктуу жөрөлгөлөр менен өзүнчө бир маданиятты түзүп турат.
Элазыгдагы бир ишкана 5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофе күнүнө карата жарандарга бекер кофе тартуулады.
Элазыгдан дүйнөгө ачылган Харпут дибек кофеси 5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофе күнүнө карата иш-чара уюштурду.
Түркиянын бардык кафелеринде өткөрүлгөн иш-чарада мекемеге келген жарандарга түрк кофеси тартууланды.
Ишкананын кызматкерлери жарандардын реакциясына ыраазы экенин билдиришсе, кофе ичүүгө келген жарандар да мындай иш-чаралар жакшы экенин айтышты.
Түркмөнстанда 5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк түрк кофе күнүнүн алкагында иш-чара өткөрүлдү.
Борбор калаа Ашхабаддагы Түркия элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарага жарандар кызыгуу көрсөттү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн элчи Тоган Орал 500 жылдык тарыхка таандык түрк кофе маданиятын таанытуу үчүн иш-чара уюштурушкандарын айтты.
Орал түрк кофесинин даамынан жана жасалуу ыкмасынан тышкары мааниси бар экенин белгилеп:«Түрк кофеси достукту өөрчүткөн, конокторду коштогон жана достукту бекемдеген абдан терең маданиятка ээ»,-деди.
Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараевонун тарыхый көчөлөрүн курчап турган кофенин жыты өлкөнүн маданиятынын маанилүү бөлүгү.
Осмондуктар бул жерлерге мурас калтырган кофе 5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофе күнүндө тарыхтын изин дагы бир жолу эске салды.
Кофе презентациясы, даамы жана жыты менен Босния-Герцеговинадагы эң керектелүүчү ичимдиктердин арасында болууну улантууда.