TRT World Forum 9-10-декабрда Стамбулда болот

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) билдирүүсү...

1912912
TRT World Forum  9-10-декабрда Стамбулда болот

TRT World Forum 2022, 6-жылында 9-10-декабрда Стамбулда «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, реалдуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен өткөрүлөт.

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) билдирүүсүнө караганда, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам 2020 жана 2021-жылдары онлайн түрдө өткөрүлгөн TRT World форумунда бул жылы Стамбулда дүйнөнүн ар тарабынан маанилүү ысымдар орун алат.

Бул жылы 34 өлкөдөн 100гө жакын баяндамачынын катышуусу менен алтынчы жолу өткөрүлө турган TRT World форуму дүйнөнүн төрт бурчунан лидерлерди, эксперттерди, академиктерди жана белгилүү ысымдарды чогултуп, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулап, чечүүчү жолдорду сунуштоону максат кылууда.

Форумда энергетикадан глобалдык миграциялык кризиске, азык-түлүк коопсуздугунан исламофобияга чейин ачык сессиялар жана тегерек стол жолугушуулары менен көптөгөн маселелер талкууланат.

«Келечекти калыптандыруу: белгисиздиктер, реалдуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада форум 9-10-декабрда өтөт.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын форумга катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

TRT World Forum 2022ге катталууларды www.trtworldforum.com сайтынан алса болот.

 



Тектеш кабарлар