Орустар менен украиндер түрк тилин бир курста үйрөнүп жатышат

Измирдеги Балчова райондук акимчилиги жана Эл агартуу борборунун колдоосу менен ачылган курста 5и эркек 38 кишиге жумасына 16 саат түрк тили сабактары берилүүдө.

1911557
Орустар менен украиндер түрк тилин бир курста үйрөнүп жатышат
ukraynali rus turkce kurs.jpg
ukraynali rus turkce kurs.jpg

Измирдеги курста 20сы Орусия жана 18и Украина жараны болгон 38 студент түрк тилин үйрөнүүдө.

Грузиялык чет тил мугалими Саломе Дерме тарабынан түзүлгөн Евразиялык лидер аялдар маданияты жана социалдык жардам коому Измирге жайгаштырылган украин жана орус үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган түрк тили курсунан кийин чоңдор үчүн долбоор даярдады.

Балчова райондук акимчилиги жана Эл агартуу борборунун колдоосу менен ачылган курста 5и эркек 38 кишиге жумасына 16 саат түрк тили сабактары берилүүдө.

Бирикменин башчысы Саломе Дерме Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштан кийин Измирге келген чет элдиктердин түрк коомуна жакшыраак аралашуусу үчүн өз бирикмесин түзгөндөрүн айтты. Балдар үчүн түрк курсунун уланып жатканын белгилеген Дерме, талап кылынганда чоңдор үчүн да курс ачкандарын айтты.

Дерме орус жана украин жарандарынын түрк тилин бир класста жанаша үйрөнүшкөнүн белгилеп: «Бул дүйнөгө бир билдирүү. Түркия тынчтыкка жардам бере турган ушундай өлкө»,-деди.

Орус жана украиналык тил үйрөнүүчүлөр да согушту каалабагандарын белгилеп, түрк тилинин тынчтык тили экенин айтышты.



Тектеш кабарлар