Дүйнөлүк Халал саммити

8 - Дүйнөлүк Халал Саммити жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 9 - Халал Экспо жарманкеси 24 - ноябрда Стамбул Экспо борборунда каалгаларын ачты.

1911363
Дүйнөлүк Халал саммити
helal zirvesi.jpg
helal zirvesi.jpg
helal zirvesi.jpg
helal zirvesi.jpg
helal zirvesi.jpg

8 – Дүйнөлүк Халал Саммитине катышкан эл аралык фирмалар келерки жылдарда адал сертификаттуу продукцияларга көрсөтүлгөн чоң кызыгуунун күчөп, адал продукция жана тейлөөлөр рыногунун барган сайын чоңойорун болжошууда.

8 - Дүйнөлүк Халал Саммити жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 9 - Халал Экспо жарманкеси 24 - ноябрда Стамбул Экспо борборунда каалгаларын ачты.

Халал Экспо жарманкесинде дүйнөнүн төрт бурчунан адал продукция рыногуна кызыгуу бар экени байкалды.

Азия, Европа жана Африкадан ондогон фирма катышкан жарманкеде мусулман эместердин да гигиеналык стандарттарынан улам адал продукцияга кызыгуу көрсөткөнү белгилүү болду.

40ка жакын өлкөдөн 500гө жакын фирма стенд менен катышкан, 3 күнгө созула турган Халал Экспо жарманкесинде бул жылы 1 миллиард евролук бизнес көлөмүнө жетишүү жана иш -чарага 40 миң жергиликтүү жана чет элдик зыяратчынын келери күтүлүүдө.

Өзгөчө Дүйнөлүк Халал Саммитинин чатыры астында 40ка жакын өлкөдөн эл аралык шефтин катышуусу менен Эл аралык ашчылар чемпиондугу өткөрүлөт.

Консервативдик кийим жана аксессуар фирмалардын катышуусу менен продукцияларын тааныта турган жарманкеде Консервативдик Мода жана искусство көчөсү менен бирге дүйнөлүк даамдар көчөсү да зыяратчылар менен жолугушат.



Тектеш кабарлар