Элчи Өмүралиевди Анкарадагы мекендештери жылуу узатышты

Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы болуп дайындалган элчи Кубанычбек Өмүралиевди Анкарадагы мекендештери жылуу узатышты.

1908476
Элчи Өмүралиевди Анкарадагы мекендештери жылуу узатышты
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 1.jpg
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 2.jpg
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 4.jpg
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 5.jpg
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 6.jpg
TDT Genel Sekreteri Kubanıçbek Ömüraliev 7.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы болуп дайындалган элчи Кубанычбек Өмүралиевди Анкарадагы мекендештери жылуу узатышты. Анкаранын дал ортосундагы Кызылай районунда орун алган Ала-Тоо кафесине чогулган кыргыздар элчи Өмүралиевге каалоо тилектерин айтышып, ишинде ийгиликтерди каалашты.

Трибунага чыгып сөз сүйлөгөн Проф.Д-р Гүлзуура Жумакунова, 21-кылым «Түрк кылымы» болсо, Түрк дүйнөсүнүн эң негизги уюмунун башына кыргыз жараны келгени сыймыктантуучу экенин билдирип, элчинин ишинде ийгиликтерди каалады. Аны улай элчи Өмүралиевге кыргызда салтка айлангандай кичине белек тапшырылды. 30 жыл мурда Кыргызстандан студенттерди Түркияга жетектеп келген, билим берүү министрлигинин мурдагы өкүлү Разак Сайдылканов элчиге белекти тапшырып, өзүнүн каалоолорун айтып, батасын берди. Ошондой эле вандык кыргыздардын Чубук районундагы Анкара коомунун өкүлү Бүнямин Токер баштаган топ да өздөрүнүн белегин тапшырды.

Элчи Өмүралиев да мекендештеринин ушундай жылуу тилектерине жана сый урматына ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң Изги академиясы уюштурган чакан концерт тартууланды.



Тектеш кабарлар