Пакистанда өтүп жаткан фестивалда түрк эбру өнөрү таанытылды

Лахордогу фестиваль эртең аяктайт.

1908197
Пакистанда өтүп жаткан фестивалда түрк эбру өнөрү таанытылды

Түрк эбру өнөрү Пакистандын Лахор шаарында өткөн Эл аралык ислам искусствосу фестивалына келген коноктордун кызыгуусун тартты.

18 - ноябрь Эл аралык Ислам искусствосу күнүнүн алкагында Лахордогу Аль Хамра искусство борборунда уюштурулган фестивалда Түркия баш болгон ислам дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн көркөм өнөрлөрү көргөзмөгө коюлууда.

Лахор Юнус Эмре институтунун координатору Эрен Миясоглу : "Юнус Эмре институту катары биз бул фестивалда стенд ачтык. Стендибизде кафель, теспелер жана колго жасалган килемдер сыяктуу искусство чыгармаларын таанытуудабыз»,- деди.

Миясоглу эбру жана каллиграфия көргөзмөсүн да ачкандарын айтып : «Биз түрк эбру искусствосу боюнча изилдөө жүргүздүк. Бул эмгек келгендер тарабынан жогору бааланды. Чыгарманы 150гө жакын адам көрдү»,- деди.

Миясоглу теспе боюнча да семинар өткөрө тургандарын белгилеп, салттуу түрк жаа атууларын да тааныта тургандарын айтты.

Лахордогу фестиваль эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар