ТРТ тасмалары Оскар жарышында

"Эл аралык мыкты тасма" категориясына талапкерлер белгилүү болду.

1907886
ТРТ тасмалары Оскар жарышында

Түркия радио-телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) чыгарган жана ТРТнын колдоосу менен тартылган тасмалар дүйнөлүк кинематографияда из калтырууну улантууда.

Дүйнөнүн эң престиждүү сыйлыктарынын бири болгон 95-Оскар сыйлыгынын "Эл аралык мыкты тасма" категориясына талапкерлер белгилүү болду. Өлкөлөр тарабынан көрсөтүлгөн тасмалардын арасында ТРТнын биргелешкен чыгарылышы жана ТРТнын колдоосу менен тартылган 4 кино бар. 

ТРТнын биргелешкен чыгарылышы "Клондайк" Украинанын; ТРТнын колдоосу менен тартылган "A Ballad" Босния-Герцеговинанын; ТРТ колдогон "A Piece of Sky" Швейцариянын; ТРТ тарабынан колдоого алынган «Victim» болсо Словакиянын «Эл аралык мыкты тасма» номинациясындагы талапкери болду. Канн кинофестивалында «Алтын пальма» сыйлыгын алган ТРТнын биргелешкен чыгарылышы «Triangle of Sadness» да негизги категориялар боюнча Оскар жарышында сүйүктүү тасмалардын арасында.

95-Оскар сыйлыктары 2023-жылдын 12-мартында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган азем менен ээлерин табат.



Тектеш кабарлар