Венгрия парламентиндеги аудио гид кызматына түрк тили кошулат

Будапешттеги «Юнус Эмре» институтунун (YEE) билдирүүсүндө, Венгриянын эң маанилүү имараттарынын бири болгон жана сүйүктүү туристтик жерлерден парламент имаратында биринчи жолу түрк тилиндеги аудио гид кызматы ишке ашырыла турганы белгиленди.

1895667
Венгрия парламентиндеги аудио гид кызматына түрк тили кошулат

Венгрия парламентиндеги аудио гид кызматына түрк тили кошулат.

Будапешттеги «Юнус Эмре» институтунун (YEE) билдирүүсүндө, Венгриянын эң маанилүү имараттарынын бири болгон жана сүйүктүү туристтик жерлерден Парламент имаратында биринчи жолу түрк тилиндеги аудио гид кызматы ишке ашырыла турганы белгиленди.

Билдирүүдө түркиялык саякатчылардын парламент менен кызматташуунун алкагында Венгриянын эң сүйүктүү монументалдык имараттарынын бири болгон Парламент имаратын түрк аудиогид менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганы белгиленди.

«Кызматташтык аркылуу англис, француз, немис, орус жана испан тилдеринин арасына түрк тилинин кошулушу эки өлкөнүн достугунун чоң көрсөткүчү болот. Будапешттеги «Юнус Эмре» институтунун окутуучусу тарабынан айтылган жол көрсөткүч декабрда пайдаланууга берилет»,деген билдирүүлөр камтылган.

Билдирүүдө,«Жыл сайын Венгрияга баш калаа Будапештке болжол менен 70 миң түрк турист келет. 2024-жылды эки өлкөнүн ортосунда Маданият жылы катары белгилөө чечиминен кийин келгендердин санынын көбөйө турганы болжолдонууда. Буга байланыштуу түрк гид Венгриянын туризмине да оң салым кошууда.Түрк аудиогид түрк туристтерине гана эмес, түрк дүйнөсүнөн келген саякатчыларга да кызмат кылат»,-деп айтылган.



Тектеш кабарлар