Стамбул аэропорту дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болуп тандалды

240 миң окурман добуш берген сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды.

1888792
Стамбул аэропорту дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болуп тандалды

Стамбул аэропорту «дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт» деп тандалды.

32 өлкөдө жарыяланган жана АКШда жайгашкан Conde Nast Traveller журналы тарабынан уюштурулуп, 240 миң окурман добуш берген сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты.

Стамбул аэропорту атаандаштарын артта калтырып, дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болуп тандалды.

Тизмеде экинчи орунду Сингапур Чанги аэропорту, үчүнчү орунду Түштүк Кореянын Сеул Инчхон аэропорту ээледи.

Биринчиликтен улам Стамбул аэропортунда азем өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар