Медицина боюнча Нобель сыйлыгын Паабо алды

2022-жылдагы Нобель сыйлыктары ээлерин таба баштады.

1887738
Медицина боюнча Нобель сыйлыгын Паабо алды

Медицина боюнча 2022-жылдагы Нобель сыйлыгын швециялык биолог Сванте Паабо алды.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Каролинска институтунда өткөрүлгөн программанын алкагында 2022-жылдагы Нобель сыйлыктары ээлерин таба баштады.

Швед илимпозу Сванте Паабо "адамдын эволюциясы" жөнүндөгү эмгеги үчүн 2022-жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгын алды.

Паабо азыркы адамдын геному жана тукум курут болгон неандертальдар менен денисовандыктарды салыштырып, түрлөрдүн ортосундагы байланышты көрсөткөн изилдөөлөрдү жетектеген.

Медицина боюнча Нобель сыйлыгы өткөн жылы Дэвид Юлиус менен Ардем Патапутианга адамдын денесиндеги жылуулук жана контакттык рецепторлорду ачкандыгы үчүн ыйгарылган.



Тектеш кабарлар