Улупамир кыргыздарынын Түркияга келишинин 40 жылдыгы

Улупамир Кыргыз Түрктөрүнүн Түркияга көчүп келгендигинин 40 жылдыгы жана Стамбул атайын программасы өткөрүлдү.

1885396
Улупамир кыргыздарынын Түркияга келишинин 40 жылдыгы
Ulupamir Kırgız Türkleri 7.jpg
Ulupamir Kırgız Türkleri 23.jpg
Ulupamir Kırgız Türkleri 24.jpg
Ulupamir Kırgız Türkleri 1.jpg

Улупамир Кыргыз Түрктөрүнүн Түркияга көчүп келгендигинин 40 жылдыгы

Улупамир Кыргыз Түрктөрүнүн Түркияга көчүп келгендигинин 40 жылдыгы жана Стамбул атайын программасы өткөрүлдү.

Кыргыз Түрктөрүнүн Маданият жана көмөктөшүү коому тарабынан уюштурулуп, Түрк Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдиги (TDBB), Зейтинбурну муниципалитети, Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун колдоосунда, «40 Улуупамирлик кыргыз түрктөрүнүн Түркияга көчүүсү” юбилейине жана Рахманкул ханды эскерүү Стамбулдун атайын программасы Зейтинбурну маданият жана искусство борборунда өткөрүлдү.

Программага Кыргыз Республикасынын Маданият министри Азамат Жаманкулова, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова, Стамбул губернаторунун орун басары Өзлем Бозкурт Геврек, Түрксойдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк Мамлекеттер Уюмунун баш катчысынын орун басары Аслан Койчиев, Зейтинбурну муниципалитетинин мэри Өмер Арысой, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин башкы катчысы Др. Фахри Солак, Рахманкул хандын уулдары Мухаммед Акбар жана Ариф Кутлу, проф. Д-р. Сулайман Кайыпов, проф. Д-р. Назиф Шахрани, Бернард Репонд, Дижле университетинин окутуучусу Абдулмукаддес Кутлу жана Евразиялык Түрк бирикмелери федерациясынын төрагасы Исмаил Женгиз жана көп сандаган атайын коноктор катышышты...

Маданият министри Жаманкулов: жакында рахманкул хандын асымы паркта, көчөлөрдө жашайт

Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өз сөзүндө ханыбыз Рахманкулдун ысымы Бишкектеги сейил бакта же маанилүү көчөдө сакталып калаарын айтты.

Элчи Өмүралиев : Улупамирге келе турган кыргыз мугалиминин маселеси чечилип, жакында келет

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев мырза Улупамирде иштей турган кыргыз мугалими боюнча маселе жакын арада чечилерин билдирди.

Кыргыз Түрктөрүнүн Маданият жана көмөктөшүү коомунун төрагасы Абдүлметин Кескин: «Программага колдоо көрсөткөн мамлекеттик мекемелерге, биздин чакыруубузга келген атайын конокторубузга, өзгөчө КР Маданият министрине жана өнөрпоздорго терең ыраазычылык билдиребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар