Гөбеклитепеге келгендердин саны 8 айда 500 миңге жакындады

Гөбеклитепе, президент Эрдоган тарабынан 2019-жылы «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланган.

1883877
Гөбеклитепеге келгендердин саны 8 айда 500 миңге жакындады

Шанлыурфада 12 миң жылдык тарыхы бар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөдөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепени жылдын биринчи 8 айында 495 миң 725 киши кыдырды.

2018-жылы туризмге ачылган Гөбеклитепе, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 2019-жылдын «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланышы менен ошол эле жылы 412 миң 378 кишини кабыл алган.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам 197 миң 912 киши зыярат кылган 2020-жылдан кийин кайрадан жанданган Гөбеклитепе, 2021-жылдын 5 айында пандемиянын айынан жабык болсо да 567 миң зыяратчы менен өз рекордун жаңыртты.

Гөбеклитепе 2022-жылдын калган 8 айында болсо 495 миң 725 турист санына жетти. 



Тектеш кабарлар