«Түрк жылдыздары» Бельгияда өзүнүн учуу көрсөтүүсүн аткарды

Түрк жылдыздары эң көп убакытка асманда калган команда болду.

1878556
«Түрк жылдыздары» Бельгияда өзүнүн учуу көрсөтүүсүн аткарды

Бельгияда өткөрүлгөн иш-чарада Түрк аба күчтөрүнүн пилотаждык командасы «Түрк жылдыздары» өзүнүн учуу көрсөтүүсүн аткарды.

Бельгиянын Нидерландия чек арасына жакын Хехтел шаарында өткөрүлгөн Эл аралык Sanicole аба көргөзмөсүнө катышкан түрк жылдыздары 10 жылдык убакыттан кийин биринчи жолу Бельгияда учуусун көрсөтүштү.

6 F-5 үлгүсүндөгү учактан турган жана Кляйн-Брогель аба базасынан көтөрүлүп, шоу аянтынын асманына жеткен Түрк жылдыздарынын шоусу 30 мүнөттөй созулду.

Түрк жылдыздары эң көп убакытка асманда калган команда болду. Шоу учурунда англис, француз, фламанд жана түрк тилдеринде презентациялар жасалды.

Түрк жылдыздарынын пилотаждуу учушу уюмга катышкан миңдеген көрүүчүлөрдүн чоң суктануусун жана кол чабууларын жаратты.



Тектеш кабарлар