Түркия маданият жолу фестивалдары 16-сентябрда башталат

Фестивалдардын негизинде Түркия маданият жана искусство менен брендге айланат.

1876521
Түркия маданият жолу фестивалдары 16-сентябрда башталат

Түркиянын эл аралык бренд баалуулугуна салым кошуу максатында уюштурулган «Түркия маданият жолу фестивалдары» 16-сентябрдан 23-октябрга чейин уланат.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан быйыл Стамбул, Анкара, Диярбакыр, Чанаккале жана Коньяда өткөрүлө турган фестивалдарга келерки жылы Измир жана Адана да кошулат.

Коомдун бардык катмарын маданият жана искусство менен бириктире турган фестивалдарда операдан киного, адабияттан бийге, музыкадан санарип өнөргө чейин ар кимдин табитине жана кызыгуусуна ылайык көптөгөн иш-чаралар болот.

Фестивалдардын негизинде Түркия маданият жана искусство менен брендге айланат.

5 дубанда 15 миңге жакын өнөрпоз-чебер жана 3 миңден ашык иш-чара менен миллиондогон адамдар маданий байлыктарга жетүү мүмкүнчүлүгүн табышат.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой темага байланыштуу баалоосунда, фестивалдарга чет элдик басма сөз мекемелеринин кызыгуусу артканын айтты.

Эрсой: «Дүйнө жүзүндө мындай кеңири инклюзивдик фестиваль жок»,-деди.

Түркия алдыдагы жылдарда уюштура турган фестивалдарына археологиялык баалуулуктар жана гастрономиядагы айырмачылыктарын кошуу менен атаандаштарынан өзгөчөлөнөт.



Тектеш кабарлар