Космос тармагынын гиганттары Бурсада жолугушат

9-11-сентябрь аралыгында Бурсада өтө турган конгресске дүйнөгө таанымал илимпоздор, астронавттар жана космос ышкыбоздору катышат.

1876525
Космос тармагынын гиганттары Бурсада жолугушат

Түркия 2022-жылы Эл аралык космос конгрессине (International Space Convention -ISC 2022) кожоюндук кылат.

Түркиянын космостук авиация боюнча тематикалык интерактивдүү билим берүү борбору GUHEM тарабынан 9-11-сентябрь аралыгында Бурсада өткөрүлө турган конгресске дүйнөгө таанымал илимпоздор, астронавттар жана космос ышкыбоздору катышат.

Компанияларга эл аралык өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн берүүнү максат кылган конгресске; Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук авиация жана космос агенттиги (NASA) жана Европанын космостук агенттигинин (ESA) өкүлдөрү менен бирге Spire, GMV Aerospace and Defence, Redwire Space Europe, Planet, AAC Clyde Space, Maxar Technologies, Nanoracks Europe, Beyond Gravity, Türksat, PlanS Arianespace сыяктуу спутник, программалык жана аппараттык камсыздоо компанияларынан 100дөн ашуун баяндамачы катышат.

Түркиянын космос агенттигинин (TUA) төрагасы Сердар Хүсейин Йылдырым тарабынан ачылышы жасала турган 2022-жылдагы Эл аралык космос конгрессинде космос тармагындагы акыркы абалдар, ар түрдүү идеялар жана ыкмалар менен глобалдык колдонмолор талкууланат.



Тектеш кабарлар