"Жаңгак дарагы" тасмасына АКШдан сыйлык

Бул тасма 14-Гамильтон Нью-Йорк кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлдү.

1868930
"Жаңгак дарагы" тасмасына АКШдан сыйлык

Режиссер Файсал Сойсалдын «Жаңгак дарагы» киносу АКШда өткөрүлгөн 14-Гамильтон Нью-Йорк кинофестивалында «Эң мыкты тасма» сыйлыгына татыктуу болду.

Сердар Орчин, Сезин Акбашогуллары, Күбра Кип, Мерт Явузжан, Шебнем Диллигил жана Рыза Акын башкы ролдорун аткарган тасма 14-Гамильтон Нью-Йорк кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлдү.

АКШдагы фестивалдардан 5-сыйлыгын алган кинотасма чет өлкөдөгү фестивалдардан жалпы 18 сыйлыкка ээ болду.

Маданият жана туризм министрлиги менен Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT) тарабынан колдоого алынган тасма, Турин кинофестивалы, Балкан панорама кинофестивалы жана 6-Лондон шаар сыйлыктары сыяктуу көптөгөн фестивалдардан сыйлыктар менен кайткан. Кинотасма жакынкы айларда Иран менен Германияда да көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар