Дүйнөдөгү эң узун килем

Тлаксала облусунун Хуамантла шаарында жыл сайын өтүүчү фестивалда дүйнөдөгү эң узун килем рекорду жаңыланды.

1868207
Дүйнөдөгү эң узун килем

Мексикада өткөрүлгөн салттуу фестивалда түркүн түстүү таарынды жана гүлдөрдөн жасалган 3932 метрлик килем Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Тлаксала облусунун Хуамантла шаарында жыл сайын өтүүчү фестивалда дүйнөдөгү эң узун килем рекорду жаңыланды.

Шаардын көчөлөрүнө түстүү таарындыларды төшөө менен жасалган 3932 метр узундуктагы килем дүйнөнүн эң узун килеми наамын жеңип, Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Дизайнына бир жыл мурда башталган жана 19 түрдүү түстөгү таарынды жана гүлдөрдөн турган килемдин өмүрүнүн эки күндүк гана экени айтылды.

Хуамантла шаарында жыл сайын 14-15-август күндөрү Ыйык Качитанын урматына өткөрүлүүчү фестивалдарда көчөлөрдү түркүн түстүү килемдер менен кооздоо салты 70 жылдан бери уланып келет.

Дүйнөдөгү эң узун килем рекорду буга чейин Гватемалада жасалган 2319 метрлик килемге таандык эле.



Тектеш кабарлар