"Анадолу илбирси" Пекиндеги Эл аралык кинофестивалда ат салышууда

«Анадолу илбирси» шаардагы үч башка кинотеатрда көрсөтүлүүдө.

1867811
"Анадолу илбирси" Пекиндеги Эл аралык кинофестивалда ат салышууда

Режиссер Эмре Кайыштын 2021-жылы тартылган «Анадолу илбирси» тасмасы Кытайда 12-Бээжин Эл аралык кинофестивалынын сынак бөлүмүнө тандалды.

Ишемби күнү кечинде ачылган фестивалда 14 өлкөдөн 16 тасма "Тиентан" (Асман храмы) сыйлыктары үчүн ат салышат.

Сынак бөлүмүндөгү «Анадолу илбирси» шаардагы үч башка кинотеатрда көрсөтүлүүдө.

Сынак каталогунун эң башында сунушталган жана Кытайдын Синьхуа агенттигинин фестиваль тууралуу кабарында орун алган тасма, сыйлыктарга күчтүү талапкерлердин арасында көрүнүүдө.

Кытайлык актер Ли Шуецен жетектеген 7 адамдан турган калыстар тобу "Мыкты тасма", "Мыкты режиссёр", "Искусствого салым", "Мыкты актер", "Мыкты актриса", "Экинчи пландагы мыкты актер", "Экинчи пландагы мыкты актриса", "Мыкты сценарий", "Мыкты оператордук иш" жана "Мыкты музыка" номинациялары боюнча тандап алат.

Сыйлыктар 20-августта өтө турган аземде ээлерине тапшырылат.

Угур Полат менен Ипек Түрктан башкы ролдорун аткарган тасмада «Анкарадагы зоопарктын директорунун, жок болуп кетүү коркунучу алдында турган Анадолу илбирсинин өлүмүн жашыруу менен зоопарктын жабылышына жол бербөө аракети» баяндалат.

«Анадолу илбирси» 2021-жылы Торонто эл аралык кинофестивалында «Эл аралык кино сынчылар ассоциациясынын (FIPRESCI) сыйлыгын», 2021-жылы Анталья кинофестивалында болсо «Эң мыкты биринчи тасма сыйлыгын» жеңип алган.



Тектеш кабарлар