Кападокияга июнь айында 382 миң турист келди
Гөреме ачык асман музейин 99 миң 737 турист, Каймаклы жер астындагы шаарын 54 миң 247 турист кыдырды.
1852769

Түркиянын маанилүү туризм аймактарынын бири болгон Кападокия июнь айында 381 миң 761 туристти кабыл алды.
Невшехир губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, табигый жаратылышы, ысык аба шарлары, жер астындагы шаарлары, аскадан чегилген мейманканалары жана чиркөөлөрү менен өзгөчөлөнгөн Кападокия аймагына июнь айында 381 миң 761 турист келди.
Музейлердин арасынан Зельве урандылары 102 миң 258 киши менен эң көп туристтерди тарткан жер болду.
Гөреме ачык асман музейин 99 миң 737 турист, Каймаклы жер астындагы шаарын 54 миң 247 турист кыдырды.
Тектеш кабарлар

"Жаңгак дарагы" тасмасына АКШдан сыйлык
Бул тасма 14-Гамильтон Нью-Йорк кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлдү.