Шанлыурфа «2023 туризм шаары»
Өзбекстандын Хива шаары 2024 - жылдын туристтик шаары деп белгиленди.
1849355

Ислам Кызматташтык Уюмунун Туризм министрлеринин 11 - конференциясында Шанлыурфа «2023 туризм шаары» болуп тандалды.
Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 11-конференциясы Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлдү.
Түркиянын атынан Маданият жана туризм министринин орун басары Өзгүл Өзкан Явуз катышкан жыйында Шанлыурфа 2023-жылы Ислам өлкөлөрүнүн туризм шаары болду.
Өзбекстандын Хива шаары болсо 2024 - жылдын туристтик шаары деп белгиленди.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө чечимдин пайдалуу болушун каалады.