TRT Балкан санариптик кабар платформасынын таанытуу программасы Скопьеде өткөрүлдү

Программанын алкагында ТРТ Балкан тарабынан даярдалган таанытуу видеолору жана маектери көрсөтүлдү.

1846233
TRT Балкан санариптик кабар платформасынын таанытуу программасы Скопьеде өткөрүлдү

Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) Балкан санариптик кабар платформасынын таанытуу программасы өткөрүлдү.

Эски Скопье Мустафа базарындагы Куршунлу Ханда өткөрүлгөн программага Түркиянын Македониядагы элчиси Хасан Мехмет Секизкөк, ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Албайрак, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы, ТРТнын башкы директорунун орун басарлары Өмер Фарук Танрыверди, Мухаммед Зияд Варол, Фетхи Фахри Кая, Мустафа Малкоч, саясатчылар, Түркиянын өлкөдөгү мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү жана меймандар катышты.

Программанын алкагында ТРТ Балкан тарабынан даярдалган таанытуу видеолору жана маектери көрсөтүлдү.

ТРТнын башкы директору Собажы бул жерде сүйлөгөн сөзүндө көңүлдөрдө өзгөчө орунду ээлеген Румелия, Эвлад-ы Фатихан өлкөсү Скопьеде болуу кубанычын билдирип, өзгөчө Түндүк Македония баш болгон Балкан өлкөлөрү менен Түркиянын күчтүү карым-катнаштарынын болгонун, баарынан мурда, бекем жана чын жүрөктөн чыккан байланышы бар экенин айтты.

ТРТнын Балкандагы этникалык мозаика жана маданий байлыктын бир бөлүгү болгон мекендештер үчүн мекенинен келген үнү жана күчтүү деми экенин белгилеген Собажы, ТРТга көрсөтүлгөн бул жакшылыкты жоопсуз калтырбоо үчүн колдон келгендин баарын кылгандарын айтты.

ТРТ Хабер, ТРТ Аваз жана ТРТ Түрк сыяктуу телеканалдар аркылуу аймактан кабарларды экранга алып чыгуу менен бирге, Балканга таандык даректүү тасма, саякат программалары, сериалдар, кино фильмдер сыяктуу мазмундар менен аймактын дүйнөгө таанытылышына салым кошкондорун түшүндүргөн Собажы сөзүн мындайча улантты: «Түркиянын 41 тилде жана диалектиде, анын ичинде аймактык тилдердеги берүүлөрүнө эми TRT Балкан санариптик кабар платформабызды кошуу менен жаңы өлчөм кошуп жатабыз. Өткөн аптада Анкарада болгон ачылышыбыз менен TRT Балкан санариптик кабар платформабыз телеберүү жашоосуна «Салам» берди. ТРТ Балкан аркылуу аймак менен байланыштар күчөп, журналистика тармагына жаңы дем келет деп ишенем. ТРТ Балкан, Балкан тилдериндеги берүүлөрү менен ички үн болуу менен бирге аймактын Түркияга да, бүткүл дүйнөгө да ачылган жаңы жүзү болот. Платформабыз болсо жүрөгүнүн бир бөлүгүн бул жерде калтырып Анадолуда  көчүп келген жана Балкандарды кызыгуу менен көргөн жүз миңдеген румелиялык иммигранттар көрө турган платформа болот»,-деди.

Балкандын кылымдар бою тууганча жашоону кучагына алган география экенине көңүл бурган Собажы, Балкандын байыркы шаары Скопьеде түрктөр, македониялыктар, албандар жана босниялыктардын чогуу жанаша жашаганын баса белгиледи.

Элчи Секизкөк да дүйнөлүк бренд болгон ТРТнын журналистика жана телеберүү тармагындагы билимин, тажрыйбасын жана сапатын жаңы бир секирик менен Балкан өлкөлөрүнө өткөрүүсүн майрамдоо үчүн чогулгандарын айтты.

Сөздөрдөн кийин Балкан элдик ырларынын концерти тартууланды.

Аймак калкын жана аймакты кызыктырган маселелерди глобалдык деңгээлде чагылдыруу максатын көздөгөн жаңы санариптик кабар платформасы ТРТ Балкан македония, албан, босния, хорват жана серб тилдеринде эфирге чыгат.

ТРТ Балкан бул тилдерде сүйлөгөн 30 миллиондон ашуун адамга кайрылат.



Тектеш кабарлар