5 - Этноспорт маданий фестивалы

5-Этноспорт маданий  фестивалы Стамбулда Ататүрк аэропортунда өткөрүлдү.

1841598
5 -  Этноспорт маданий фестивалы
etnospor.jpg
etnospor.jpg
etnospor.jpg
etnospor.jpg

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулган 5-Этноспорт маданий  фестивалында түрдүү өлкөлөрдүн, өзгөчө түрк республикаларынын салттуу продукциялары таанытылды.

Стамбулда Ататүрк аэропортунда уюштурулган фестивалда түрдүү өлкөлөр тарабынан орнотулган стенддер зыяратчылардын көңүлүн бурду.

Тажикстан, Судан, Тунис, Алжир, Ирак, Палестина, Ливан, Косово, Босния -  Герцеговина, Камерун жана Грузиянын, ошондой эле Танзания, Өзбекстан, Монголия, Кыргызстан, Казакстан сыяктуу түрк республикаларынын салттуу колго жасалган буюмдары таанытылды. 

Фестивалга келген жарандар өзбек наны менен Босния  -  Герцеговина стендиндеги туткасы жок чыны жана кофе тегирмендерин кызыгуу менен көрүштү.

Ошол эле учурда улуттук тамак  -  аштар тартууланган аянтта макеттери коюлган Билге Тонюкук жазуулары, Султан Сенжер күмбөзү жана Ахмет Яссаву күмбөзү чоң кызыгу көрдү. 

 



Тектеш кабарлар