Түрк сериалдары чет элдиктерди түрк тилин үйрөнүүгө шыктандырат

Юнус Эмре Институту (YEE) жана Радио жана Телекөрсөтүү Жогорку Кеңеши (RTÜK) түрк сериалдарынын түрк тилин окуучуларынын чет тил үйрөнүү процесстерине кошкон салымы жана түрк сериалдары тууралуу изилдөө жүргүздү.

1840082
Түрк сериалдары чет элдиктерди түрк тилин үйрөнүүгө шыктандырат
KARNAVAL burak özçivit
payitaht abdülhamit dizisi.jpg
dirilis ertugrul.jpg

Көрсө, түрк сериалдары чет элдиктерди түрк тилин үйрөнүүгө шыктандырат экен.

Юнус Эмре Институту (YEE) жана Радио жана Телекөрсөтүү Жогорку Кеңеши (RTÜK) түрк сериалдарынын түрк тилин окуучуларынын чет тил үйрөнүү процесстерине кошкон салымы жана түрк сериалдары, түрк маданияты, искусствосу, музыка, архитектура, табигый кооздуктар, урбанизация практикалары, үй-бүлө салттары, коомдук ырым-жырымдары жана инсандар аралык коомдук мамилелери аркылуу Түркия менен кандай байланышта болгонун аныктоо үчүн 125 өлкөдөн 5 миң кишинин катышуусунда аянт изилдөөсүн жүргүздү.

Изилдөөгө катышкандардын 81,8 пайызы түрк курстарына же үйрөнүүгө активдүү киришкенге чейин түрк сериалдарын көргөнүн айтышкан. Ошентип түрк сериалдарынын түрк тилине жана маданиятына тартуу таасири жаралганы аныкталды.

Катышуучулардын 28,81 пайызы түрк сериалдарынын угуп түшүнүү, 26,26 пайызы сүйлөө, 7,7 пайызы окуп түшүнүү, 4,12 пайызы жазуу жөндөмүн, 19,31 пайызы күнүмдүк колдонуу, 13,8 пайызы макал-лакап, фразеологизм жана сөз байлыгын жакшыртканын белгилешти.

Изилдөөдө эң популярдуу түрк сериалдарынын арасында; Дирилиш Эртугрул, Барбарослар: Жер Ортолук деңиздин Кылычы, Курулуш Осман, Сот, Күнөөсүздөр батири, Эзел, Кара акча ашык, Керемет доктур, Элчинин кызы, Ак-кара сүйүү, тешкилат жана Сөз орун алды.

Түрк сериалдарын жагымдуу кылган факторлор; 20 пайыз менен «адам мамилелери жана чогуу жашоо маданияты», 19,9 пайыз менен «үй-бүлө атмосферасы жана бекем үй-бүлө байланыштары», 19,71 пайыз менен романтикалык мамилелер, 16,36 пайыз менен «тартуучу окуялар жана реалдуу фантастикалык мамилелер», 14,52 пайыз «маданий элементтер жана жерлер», 9,50 пайыз менен «тарыхый деталдар жана тажрыйбалар» деп тизмеленди.



Тектеш кабарлар