Франциядагы ОЕСДнин борборунда "Түрк ашканасы" таанытылды

Франциянын борбор шаары Париждеги  Экономикалык Кызматташуу жана Өнүгүү Уюмунун борборунда "Түрк ашканасы"  иш - чарасы өткөрүлдү.

1836664
Франциядагы ОЕСДнин  борборунда "Түрк ашканасы" таанытылды
Fransa oecd Turk mutfagi1.jpg
Fransa oecd Turk mutfagi.jpg

Франциянын борбор шаары Париждеги  Экономикалык Кызматташуу жана Өнүгүү Уюмунун борборунда "Түрк ашканасы"  иш - чарасы өткөрүлдү. 

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жол башчылыгында Маданият жана туризм министрлиги менен Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин кошкон салымы менен уюштурулган "Түрк ашканасы жумалыгынын" негизинде ОЕСДнин негизинде түрк ашканасы таанытылды. 

Түркиянын ОЕСДдеги туруктуу өкүлү Керем Алкин жана жубайы Эсер Алкиндин жетекчилигинде өткөн иш  - чарага Түркиянын Париждеги элчиси Али Онанер, Түркиянын ЮНЕСКОдогу  туруктуу өкүлү Гүлнур Айбет жана ОЕСДнин негизинде Япония, Франция, Европа Биримдиги жана Түштүк Корея башта болгон бир топ өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү менен ОЕСДде иштеген  көптөгөн жогорку деңгээлдеги катчылык мүчөлөрү катышты.

Түркияны таанытуу видеолору да орун алган иш  -  чарада президенттиктин жетекчилигинде Мадания жана туризм министрлиги тарабынан даярдалган "Кылымдык рецептерде түрк ашканасы"  китеби таанытылды. 

Иш  -  чарада келген конокторго түрк ашканасынан зайтун майына жасалган жалбырак оромосу менен фаршталган тефтели жана түрк кофеси тартууланды. 

Иш  -  чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Керем Алкин бул жылы биринчиси уюштурулган "Түрк ашканасы жумалыгынын" негизинде түрк ашканасынын салттуу даамдарынын Түрияда жана жалпы дүнөдө таанытылгандыгын айтты. 

Алкин түрк ашканасынын тектерин Анадолудан алган жана селчуктук, осмондук сарайларынын  изин ташыган чоң мурастын жемиши экенин айтты.

Керем Алкин сөзүндө  түрк ашканасынын пайдалуу жана ысырапсыз жактарына да токтолду.

 



Тектеш кабарлар