Чет элдик туристтер түрк тамактарын жасашты

"Түрк ашканасы жумалыгынын" негизинде Айдындын Дидим районундагы бир мейманканада  уюштурулган программада мейманкадагы чет элдик туристтер түрк тамактарын жасашты.

1833581
Чет элдик туристтер түрк тамактарын жасашты
turistlr turk yemekleri mutfağı.jpg
turistlr turk yemekleri mutfağı.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде 21 - 27 -  майда белгиленген "Түрк ашканасы жумалыгынын" негизинде Айдындын Дидим районундагы бир мейманканада  уюштурулган программада мейманкадагы чет элдик туристтер түрк тамактарын жасашты. 

"Түрк ашканасы жумалыгынын" негизинде Дидимдеги 5 жылдыздуу мейманканадагы туристтердин да катышуусу менен иш  - чара өткөрүлдү. Мейманкадагы 7 башка өлкөдөн 7 турист мейманкананын ачык аянтында  түрк тамактарын жасашты. Туристтерге ашчылар жардам берип, туристтер камыр жайып гөзлеме бышырышты.

Айдын облустук маданият жана туризм  боюнча директору Умут Тунжер да  туристтер менен тамак жасап, рецептери тууралуу маалымат берди. Эс алуу үчүн Дидимге келген нидерландиялык  Файер Рейнордс : "Мен үчүн бадан мыкты тажрыйба болду жана абдан бактылуу болдум. Тамактар жана иш -  чара жакшы өттү",- деди. 

Роман Уайт болсо : "Тамактар сонун болду. Мыкты көз ирмемдерди өткөрдүк",- деди. 

 



Тектеш кабарлар