Анкарада борбор шаардын маданият жолу фестивалы эртең башталат

Фестивалда  мамлекеттик театрларынын атайын көрсөтүүлөрү искусство сүйүүчүлөр менен жолугушат.

1833627
Анкарада борбор шаардын маданият жолу  фестивалы эртең башталат

Борбор шаар Анкаранын  тарыхый жана заманбап жүзүн  чагылдыра турган "Борбор шаардын маданият жолу фестивалы" 28 -  майда башталат. 

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда Анкаранын тарыхы жана заманбап жүзүн чагылдырган 70тен ашуун жерде 1500дөн ашуун өнөрпоз катыша турган жана 300дөн ашуун иш  - чара өткөрүлө турган фестиваль тарыхый жана актуалдуу маданий байлыктарына жандуулук кошо турган жана борбор шаар ээ болгон маданий мурасын дүйнөгө таанытуу үчүн ишке ашырылууда. 

Фестивалда  мамлекеттик театрларынын атайын көрсөтүүлөрү искусство сүйүүчүлөр менен жолугушат. 

Фестивалдын негизинде симфониялык концерттерден, бий, скульптура мастерскойлоруна, адабият  тууралуу маектешүүлөрдөн балдарга карата иш  - чараларга, өнөрпоздор жана кураторлор тарабынан даярдалган  көргөзмөлөрдөн кино көрсөтүүгө чейин кенен түрдө пландалган маданий чөйрөдөгү  иш-чаралар 12 -  июнга чейин 16 күнгө созулат. 

 

 

 



Тектеш кабарлар