Түркия-Африка медиа саммити башталды

Стамбулда эки күндүк саммиттин ачылыш сөзүн Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жасады

1832396
Түркия-Африка медиа саммити башталды
turkiye-afrika meya.jpg

 

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 25-май Африка күнүнөн улам уюштурулган «Түркия-Африка Медиа саммити» башталды.

Стамбулда эки күндүк саммиттин ачылыш сөзүн Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жасады.

Түркия менен Африканын ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны күчтөндүрүү, тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк перспективасын өнүктүрүү максатын көздөгөн иш-чарага Африканын 45 өлкөсүнөн 80 басма сөз өкүлү, ошондой эле африкалык дипломаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, медиа өкүлдөрү, академиктер, жеке сектор жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Саммитте жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан кийин журналистика туш болгон кыйынчылыктар жана «санариптик курчоо» сыяктуу чакырыктар менен бирге медиа тармагындагы гендердик теңчилик боюнча сессиялар өткөрүлөт. Түрк жана африкалык журналисттер глобалдык медианын африкалык көз карашын да талкуулай турган программада эл аралык тартипке байланыштуу баа берүүлөр бөлүшүлөт.

Саммит Африкага инвестиция салган түрк фирмалары менен континенттин адам капиталына салым кошкон мекеме жана уюмдардын өкүлдөрүнүн баяндамаларынан кийин атайын сессиялар менен жыйынтыкталат. Аталган программанын Африка медиасында Түркия тууралуу маалымдуулугун арттыруу жана Түркиянын Африка өлкөлөрү менен медиа жана коммуникация тармагында кызматташтыгынын күчтөндүрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар