Нью-Йоркто «Түрк күнү парады»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун быйыл 39чусу өткөрүлгөн жүрүштө түрк-америкалык коомго кайрылуу жасаган видео кайрылуусун жарыялады.

1830347
Нью-Йоркто «Түрк күнү парады»
turk gunu new york.jpg
turk gunu new york.jpg
turk gunu new york.jpg
turk gunu new york.jpg

АКШнын Нью-Йорк шаарында быйыл 39-ирет өткөрүлгөн «Түрк күнү жүрүшүнө» миңдеген киши катышты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы координациясында Нью-Йоркто,  АКШдагы түрк дипломаттарынын армян террордук уюму ASALA тарабынан шейит кылынышына жооп иретинде биринчи жолу 1981-жылы өткөрүлгөн жана андан кийин дайыма өткөрүлүлүп турган «Түрк күнү парады» өткөрүлдү.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун быйыл 39чусу өткөрүлгөн жүрүштө түрк-америкалык коомго кайрылуу жасаган видео кайрылуусун жарыялады.

Алтун өз билдирүүсүндө: «Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Азербайжан баш болгон түрк дүйнөсүнөн миңдеген адамдар катышкан бул жөө жүрүштү салтка айландыруу биз үчүн өтө маанилүү жана баалуу»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын катышуучуларга жеткирген Алтун: «Мекенибизден алыс жашаган жерлерде өлкөбүздүн үнүн, маданиятын жана баалуулуктарын чагылдыруу чындыгында абдан баалуу. Биз мекени менен бекем байланыштарын үзбөгөн, күчтүү байланыштарын уланткан түрк-америкалык коомчулуктун ар бир мүчөсүн биздин улуттун өкүлү катары жана дээрлик «жаран дипломат» катары билебиз»,деген сөздөргө орун берди.

Маршта эң көп көңүл бурган топ Маданият жана туризм министрлигинин Стамбул Тарыхый түрк музыка ансамбли Мехтер тобу  болду. Мехтер тобунун жүрүшүн АКШнын айрым жарандары кызыгуу менен көрүштү.

 



Тектеш кабарлар