Германияда "Кылымдык рецептерде түрк ашканасы" иш - чарасы

Германиянын Дюссельдорф шаарына жакын жердеги Нойс шаарында өткөн иш-чарада түрк ашканасынын кылымдардан берки рецептери менен даярдалган популярдуу даамдары таанытылды.

1830146
Германияда "Кылымдык рецептерде  түрк ашканасы" иш  -  чарасы
almanya'da turk mutfagi.jpg
turk mutfagi.jpg

Германиянын Дюссельдорф шаарына жакын жердеги Нойс шаарында өткөн иш-чарада түрк ашканасынын кылымдардан берки рецептери менен даярдалган популярдуу даамдары таанытылды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде өлкөдө жана чет өлкөлөрдө бир убакта белгиленип жаткан «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында Нойс муниципалитетинде өткөрүлгөн иш-чарада жасалган тамактар ​​немистердин кызыгуусун тартты.  

Түркиянын Дюссельдорф, Кельн, Эссен жана Мюнстер шаарларындагы башкы консулдуктары биргелешип уюштурган иш-чарада түрк ашканасынын ден-соолукка пайдалуу  жактары түшүндүрүлдү.

Дюссельдорф башкы консулдугу Айшегүл Караарслан дардашкан Стамбул менюсу менен немистер ар дайым таба албаган даамдарды алдыга чыгарууну каалашкандарын айтты. 

Чакырууга катышып, түрк ашканасын мактаган Брижит Лёбах: "Мен бул чакырууну кабыл алганыма абдан кубанычтамын, мага баары жакты, тамактары укмуш ",- деди. 

Коноктордун бири Ноткер Беккер да тартууланган  даамдарды биринчи жолу даамдап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтып : "Бүгүн кечинде бул жерде  түрк тамактарынан ырахат алдым. Ар кандай даамдар жана татымалдар менен даярдалган сонун тамактар ​​жана десерттер укмуш",- деп баа берди.

 



Тектеш кабарлар